Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Жапония кыргызстандык куткаруучулар менен кызматташтыгын бекемдейт


Жапония өкмөтү Кыргызстан менен жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу багытында кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу Токиодо Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен жолугушууда Жапониянын тышкы иштер вице-министри Рюдзи Яманэ айтты. Жапон дипломаты кыргызстандыктарга былтыр март айында Жапонияда катталган ири жаратылыш кырсыгынан кийин жиберген гуманитардык жардамына ырахмат айтты. Мындан ары да кызматташтыкты бекемдеп, тажрыйба алмашыш керек деген оюн билдирди. Бул маселе быйыл күзүндө Токиодо өтө турган "Борбор Азия - Жапония" форумунун күн тартибине кирээрин кошумчалады.

2011-жылдын мартында катуу жер титирөөдөн кийин Жапониянын Хонсю аралынын чыгыш жээк тарабын топон суу каптап, 20 миңдей кишинин жаны кыйылган. Жапондуктарга Кыргызстан гуманитардык жардам катары ичкенге бир учак суу жеткирип берген. (RK)

XS
SM
MD
LG