Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Кылмышка шектүү делген министр Сабиров кызматынан убактылуу четтетилди


Кылмышка шектүү деп камакка алынган Социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу буйрукка бүгүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анда "кылмыш иши менен байланышкан бардык жагдайларды аныктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди" деп айтылат.

Министрдин милдетин аткаруу Сабировдун орун басары Кыялбек Мукашевге жүктөлдү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG