Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Министр Сабиров 2 айга камалды


Министр Равшанбек Сабировду УКМКнын кызматкерлери 1-Май райсотуна алып кирүүдө. 6-июль, 2012 (Сүрөт "Чалкан.kg" сайтынан алынды)
Министр Равшанбек Сабировду УКМКнын кызматкерлери 1-Май райсотуна алып кирүүдө. 6-июль, 2012 (Сүрөт "Чалкан.kg" сайтынан алынды)

Биринчи май райсоту социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировду УКМК тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ушундай эле чечим аны менен бирге айыпталып жаткан министрдин жардамчысынын үстүнөн чыгарылды. Андан мурун Сабировдун туугандары Кара-Сууда митинг өткөрүп, аны бошотууну талап кылышкан эле.

Сот мындай чечимин 6-июлда кечки саат жети жарымдар чамасында угузду. Сабировдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев соттун чечимине макул эместигин билдирип, беш күн ичинде жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын кабарлады.

Министрдин сот имаратынын алдына чогулган отузга чукул жакыны сот чечимин айыптоо менен кабыл алышты.

Чогулгандар арасында жүргөн Сабировдун партиялашы, Жогорку Кеӊештин вице-спикери Асия Сасыкбаева соттун чечимине нааразылыгын билдирип, министрди үй камагына бошотсо деле туура болмоктугун мындайча айтты:

- Менин оюмча, эки айга камаганы туура эмес чечим болду. Биздин мамлекетте 5-10 миӊ долларга шектелгендер деле эмес, киши өлтүргөндөр деле боштондукта жүрүшөт. Биз эми чогулуп ойлонобуз. Анан шаардык сотко кайрылабыз. Дегеле мен Равшан Сабировдун мындай ишке барганын элестете албайм. Анын жашоо шарты дурус эле. Кудайга ишенип, намаз окучу. Үчүнчүдөн, ал мурун мындай кадамдары менен байкалып, коррупцияга малынган эмес.

Кубанычбек Ташбалтаев
Кубанычбек Ташбалтаев
Андан мурун Равшанбек Сабировду колдогон митинг ал туулган Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында өткөн. Анда министрди бошотуу талабы дүйшөмбүгө чейин аткарылбаса, миӊдеген адамдын катышуусу менен митинг уюштуруларын эскертишкен эле.

Митингдин уюштуруучуларынын бири, Равшанбек Сабировдун иниси Анварбек Сабировдун айтымында, анын жердештери камалышын саясий себептерге байлап жатышат:

- Биз муну саясий иш болду деп эле көрүп жатабыз. Анын жардамчысы кармалган учурда агамдын кызматтык бөлмөсүн, андан соӊ үйүн текшеришип, эч нерсе табышкан жок. Эгер эч нерсе таппаса, эмне үчүн аны камап жатат? Аны алгач жөн гана суракка күбө катары чакырбады беле. Эгер ошондо күнөөлүү экенин билсе, эмне үчүн аны дароо кармап кетишкен жок? Экинчиден, Равшан Азатович 5-10 миң долларга муктаж адам эмес. Анын байлыгы өзүнө жетиштүү, 10-15 миӊ долларды айылга бир барганда кайрымдуулук үчүн таратып келчү.

Ал ортодо өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Равшанбек Сабировду кылмыш иши менен байланышкан бардык жагдайлар аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетти.

5-июлда камакка алынган Равшанбек Сабировду УКМК кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып пара алды деп айыптап жатат. Сабиров камалардан мурун жардамчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, акчаны Сабировдун түздөн-түз көрсөтмөсү менен алганын жана ага чейин да 5 миң доллар пара өндүрүп, министрге жеткиргени тууралуу тергөөчүгө көрсөтмө бергени кабарланган.

Асия Сасыкбаева
Асия Сасыкбаева
УКМКнын расмий маалыматына караганда, бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн талап кылынган. Мындан соң аталган фирманын өкүлдөрү УКМКга кайрылган. Бул тууралуу алар УКМК кызматкерлерине төмөнкүчө айтып берген экен:

- Биздин фирма Социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылып, Кыргызстандын аймагында иштөө үчүн каттоодон өткөрүүнү суранганбыз. Ал үчүн бардык документтерди даярдап өткөргөнбүз. Бирок бул министрлик өкүлдөрү 20 миӊ доллар пара сурашты. Буга биз нааразы болуп, тийиштүү органдарга кайрылдык.

2009-жылы кыргызстандык балдар чет мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүп жатат деп тыюу салынып, 2011-жылдын июн айында гана бул тыюу алынып салынган эле. Ошондон кийин Социалдык өнүктүрүү министрлиги алдында атайын комиссия түзүлүп, чет өлкөлүк фирмаларды каттоого алуу милдети жүктөлгөн. Бул комиссия өткөн жылдын декабр айынан тарта өз ишин баштап, Кыргызстанда иштөөнү каалаган 24 фирманын ичинен 10 фирманы тандап алган экен.

Бирок аталган сынакка катышкан айрым фирмалардын өкүлдөрүнүн айтымында, тандоо учурунда эле айрым мыйзам бузуулар орун алган шекилдүү. Маселен, каттоодон баш тартылган чет өлкөлүк фирмалардын биринин өкүлү Чынара Абдылдаева өз байкоосун ортого салды:

- Биздин фирманы "документтерди толук даярдаган эмессиӊер" деп каттабай коюшту. Чындыгында баарын эле тапшырганбыз. Эми андан бери алты ай өткөн соӊ ачык эле айта алам. Мисалы, биздин фирманы документ толук эмес деп каттабай койгон соӊ деле юристтерге барып сүйлөшүп көр, балким бир нерсе ойлоп табабыз дешти. Эгер чындыгында эле документ толук эмес болсо, кантип эле бир нерсе ойлоп табууга болсун? Ушунун баары эле бизден бир нерсе өндүрүүгө болгон аракеттер деп ойлойм.

Ширин Айтматова
Ширин Айтматова
Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова да тастыктады. Ал атайын комиссия түзүлгөндөн тарта эле бир топ шектүү иштерди жасап келатканын байкап, Башкы прокуратурага да кайрылган экен:

- Мен өзүм эле комиссиянын ишине анализ жасап көрүп, бир нерсени байкадым: чет өлкөлүк фирмаларды каттоого алганда иш өтө эле башаламан жүрдү. Мыйзам талабына жооп бербеген бир топ фирмалардын да каттоодон өткөнү дайын болду. Ушундай фактылардан кийин бул жакта баары таза деп айтыш кыйын. Ал эми Сабиров жөнүндө айтсам, ал бул иштер аяктап калганда министрликке келди. Ошондуктан Сабиров бул иштеги жалгыз адам эмес. Дал ушундай коррупциялык иштердин демилгечилери да бар. Мындан улам бул ишти аягына чейин иликтеп, комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн ишин текшерүү керек.

Ал эми аталган комиссиянын жооптуу катчысы, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Екатерина Хорошмандын айтымында, комиссия мыйзамдын негизинде гана иш алып барып, жоболорго ылайык келгендерди тандап, бекитүү үчүн министрге жиберген:

- Бизге 24 уюм кайрылган, алардын баарынын документтерин карап чыгып, онун тандап, каттоого алуу үчүн министрге жибергенбиз. Мыйзамдарда көрсөтүлгөн жоболордун негизинде азыр 10 уюм каттоодон өттү. Булардын ичинен кимиси пара бергени тууралуу эч нерсе айта албайм.

Ошентип Равшанбек Сабиров апрел окуяларынан соӊ коррупциялык аракеттери үчүн шектелип, камакка алынган биринчи министр болуп калды. Ал андан мурда Кыргызстанда ишкер катары белгилүү болчу.

Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси аркылуу депутаттыкка шайланган эле. 2011-жылдын декабрында бул фракция коалициялык көпчүлүктүн курамына киргенде, социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган эле.

Министрдин жардамчысын кармоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG