Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Токио: 2014-жылдан кийин Ооганстанга берилчү көмөк талкууланат


Жекшембиде 70 өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Жапониянын баш калаасында чогулуп, 2014-жылы Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин бул өлкөгө берилчү каржылык жардамды талкуулайт.

Ооган президенти Хамид Карзай алгачкы 3 жыл үчүн жылына 4 миллиард доллар суроого белсенип турганын айтты. Ал эми донор өлкөлөр ооган тараптан каражатты туура пайдалууга, адам укуктарынын абалын жакшыртууга, карапайым оогандардын турмушун оңдоого жумшаларына кепилдик сурады.

2002-жылдан бери Ооганстан жалпысынан 60 миллиард доллар жардам алган, бирок каражаттын бардыгы максаттуу сарпталган эмес. Transparency International уюмунун былтыркы иликтөөсүндө Ооганстан коррупциянын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыккан.

XS
SM
MD
LG