Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Клинтон: Ооганстан биздин “НАТОго мүчө эмес" негизги өнөктөшүбүз


Хиллари Клинтон менен Хамид Карзай, 7-июль, Кабул, 2012.
Хиллари Клинтон менен Хамид Карзай, 7-июль, Кабул, 2012.
Президент Барак Обаманын администрациясынын бул билдирүүсүн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн Ооганстанга барганда жарыялады.

"Мен АКШнын президенти Барак Обама Ооганстанды бүгүн НАТОго мүчө эмес негизги өнөктөш деп белгилегенин сүйүнүч менен жарыялагым келет. Биз муну Ооганстандын жаркын келечеги үчүн өзүбүздүн милдеттенменин күчтүү символу деп атамакмын", - деди Клинтон.

Анын Кабулга сапары тууралуу алдын ала кабарланган эмес эле. Мамкатчы эртең Токиодо Ооганстандын донорлорунун жолугушуусуна катышат. Расмий Кабул бул жыйында дүйнөлүк донорлордон 4 млрд. доллар жардам алууга аракет кылып жатат. Ал каражат чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан 2014-жылы толук чыгып кеткенден кийин өлкөнү өнүктүрүүгө жардам катары берилиши керек. 70 жакын мамлекеттин өкүлдөрү ооган өкмөтүнөн бул жардам туура пайдаланарын кепилдеген далилдерди күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG