Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Румынияда парламент президентке импичмент жарыялаш керек деп чечти


Кечээги добуш берүүдө парламентте депутаттардын көпчүлүгү президент Траян Бэсескунун кызматтан кетиши үчүн добуш берди. Эми 30 күндүн ичинде бул боюнча референдум өткөрүлөт. Бэсеску 2004-жылдан бери Румыниянын президенти катары иштеп келатат. Анын саясатын оппоненттери “өлкөгө зыян алып келет” деп сындашууда. Траян Бэсескуга депутаттар 2007-жылы да импичмент жарыялашкан, бирок референдумдан кийин ал кайра ишин уланткан болчу. Жумурияттагы соңку окуяларга АКШ менен Евробиримдик тынчсыздануусун билдиришти.

XS
SM
MD
LG