Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

“Ата Мекен”:Сабировдо айып болсо жооп бериши керек


Парламенттеги фракциясы коалициялык көпчүлүккө кирген “Ата Мекен” партиясы бүгүн ушундай маанини камтыган билдирүү таратты. Билдирүүдө белгиленгенге караганда Равшанбек Сабировдун кылмышка шектүү деп камалышы коррупцияга каршы күрөштүн демилгечилеринин бири саналган партия үчүн күтүүсүз жана жагымсыз окуя болду. Ошондуктан партия Сабиров азыркы жагдайда саясий кызматты ээлегенге укугу жок деп, аны министрлик кызматтан бошотууну сурап, премьер-министр Өмүрбек Бабановго кайрылган. "Ата Мекенден" депутат Гүласал Садырбаева фракциянын ишемби күнкү чечими тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

- Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча “Ата Мекен” шайлоого чейин да убада берип келген, азыр да ошол оюбуздан кайтпайбыз. Кандай болгон күндө да туура эмес иш болуп калды. Ошондуктан министр кызматынан чакыртып алдык.

Бул саясий чечим аркылуу партия Сабировду күнөөлүү санап жатпагандыгын, аны сот аныктаарын, күнөөсү болсо жазасын алышы керектигин белгилеген.
Бир күн мурда премьер-министр өз буйругу менен Социалдык өнүгүү министри кызматынан Равшан Сабировду убактылуу четтеткен.

Кылмышка шектелип жаткан саясатчынын тарапкерлери анын камалышын саясий чечим катары баалап жатышат. Пара алды деген шек менен 5-июлда кармалган Равшанбек Сабировду 6-июлда сот тергөө абагына эки ай камоо чечимин чыгарды.
Ал былтыр коалициялык өкмөткө кирген “Ата Мекен” фракциясынын сунушуна ылайык Социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. (AKu/BuS)

XS
SM
MD
LG