Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Орусияда жаратылыш кырсыгынан 99 адам набыт болду


Нөшөрлүү жаандан кийинки суу ташкынынан Краснодар крайындагы Крым району катуу жабыркаган. Өлкөнүн Саламаттыктыкты сактоо министрлигинин кабарына караганда, дагы 91 адам жаракат алды, алардын дээрлик жарымы ооруканага жаткырылды. Бийликтер жаратылыш кырсыгында өлгөндөрдүн саны эмнеге мынчалык көп болгонун азырынча түшүндүрө албай жатышат. Негизги катуу ташкын эл уктап жатканда болгондугун гана айтышууда.
Эки күн токтобой жааган жаандан кийин миңдей үйдү суу каптаган. Облустун көпчүлүк аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG