Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Краснодарда жаратылыш кырсыгы 144 адамдын өмүрүн алып кетти


Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын Краснодар аймагында болгон суу каптоодон 144 адам набыт болду.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 80ге жакын адам ооруканага түштү, ал эми 300дөн ашууну медициналык жардам үчүн кайрылды.

Эӊ көп жабыркагандар жана кыйроолор Крымск шаарында катталууда – ал жакта 4600 үй суунун астында калды. Геленжик шаарында жүзгө жакын үй урады. Жергиликтүү бийлик 9-июлдан тарта жабыркагандарга компенсация төлөй баштарын маалымдады.

Орусиянын түштүгүндө жайгашкан Краснодар аймагынын кээ бир жерлеринде суу каптоо 7-июлга караган түнү башталган. Кырсыктан набыт болгондор тууралуу маалымат дагы эле түшүүдө. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары барбы, же жокпу азырынча белгисиз. (TTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG