Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Орусияда мекендешин өлтүрдү деп кыргыз жараны камакка алынды


Кыргызстандын Орусиянын Екатеринбург шаарындагы консулу Гүлнур Нарматованын “Азаттыкка” маалымдашынча, Иркутск шаарында 24-июндан 25-июнга караган түнү Каныбек Абдыкасымовдун сөөгү табылган. Ал денесине бычак менен жараат алып өлгөнү аныкталган. Иркутск шаарынын ички иштер кызматкерлери шектүү адамды кармады. Ал Кыргызстандын жараны экени аныкталды.

- Орус Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Консулдуктун кызматкерлери бул ишти өз көзөмөлүнө алды, - деди Гүлнур Нарматова. (TTo)

XS
SM
MD
LG