Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Равшанбек Сабировдун адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылат


Пара алды деген шек менен камалган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун адвокаты бүгүн Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.

Ташбалтаевдин айтымында, учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Сабиров өз күнөөсүн толугу менен четке кагып, тергөө иштери аяктаганча аны 2 айга камоону чечкен Биринчи май райондук чечимин туура эмес деп эсептейт.

5-июлда камакка алынган Равшанбек Сабировду УКМК кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып пара алды деп айыптап жатат. Сабиров камалардан мурун жардамчысы 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, акчаны министрге түздөн-түз көрсөтмөсү менен алганын жана ага чейин да 5 миң доллар пара өндүрүп, жетекчисине жеткиргени тууралуу тергөөчүгө көрсөтмө бергени кабарланган.

УКМКнын расмий маалыматына караганда, бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн талап кылынган.

6-июлда Сабиров жана анын жардамчысынын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, сот аларды 2 айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG