Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

БУУнун жогорку комиссары президент менен жолугат


8-июлда Кыргызстанга иш сапар менен келген БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллай бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов билдирди.

Ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун расмий сайты маалымдагандай, адам укуктары боюнча жогорку комиссар Нэви Пиллай 9-июлда өлкөнүн тышкы жана ички иштер министрлери, башкы прокурор, Жогорку Соттун мүчөлөрү, акыйкатчы жана укук коргоочулар менен жолугушары күтүлүүдө.

10-июлда Нэви Пиллай Ош облусуна барып, 2010-жылы улуттар аралык кагылышуулар маалында өзгөчө жабыркаган аймактарда болуп, жергиликтүү эл, облустун губернатору жана Ош шаарынын мэри менен жолугушат.

БУУнун комиссары 10-июлда сапардын жыйынтыгы боюнча Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, андан соң Казакстанга жол тартат. (BkA)

XS
SM
MD
LG