Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Талиптер элдин көзүнчө аялды жазалашты


Талиптер бир аялды өз айылдаштарынын алдында өлүм жазасына тартышты деген кабарды ооган өкмөтү “исламга каршы жана адамгерчиликке жатпаган аракет” деп айыптады. Өз билдирүүсүндө өкмөт бул үчүн күнөөлүүлөр табылып, жазаланат деп сөз берди.

Кабарларга караганда, Парван провинциясында күйөөсүнүн көзүнө чөп салды деп айыпталган аялды талиптер өткөн аптада өз айылдаштарынын көзүнчө атып салышкан. Бул окуяны бирөөлөр видеого тартып алышкан.

Лондондо Британиянын тышкы иштер катчысы Уилиам Хааг бул маалымат аны өтө кабатыр кылганын билдирди. Ооганстандын көз карандысыз адам укуктары боюнча комиссиясы акыркы жылдары өлкөдө аялдарга каршы зордук-зомбулук күч алганын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG