Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Бүгүн Младичтин үстүнөн сот иши кайра уланат


Босниялык сербдердин мурдагы кол башчысы Ратка Младичтин үстүнөн сот иши бүгүн Гаага трибуналында уланат.

Босниянын баш калаасы Сараевону курчоого алуудагы жана 1995-жылы Сребреницада 8 миң мусулман эркекти өлтүрүүдөгү ролу үчүн Младичке геноцид айыптары коюлган.

Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык Кылмыш сотунун прокурорлору биринчи күбө Элведин Пасичтин көрсөтмөсүн угушат. Пасич сотко 1992-жылы босниялык сербдер өлтүргөн 150 кишинин арасынан кантип аман калганын айтып берет. Анын көрсөтмөсүнөн кийин БУУнун кеңешчиси Давид Харланд Сараевонун 1993-95-жылдар аралыгында камоого алынып, аткыланышы боюнча суроолорго жооп берет.

XS
SM
MD
LG