Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Атамбаев БУУнун жогорку комиссары менен адам укуктарын талкуулады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллэй менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, анда адам укуктары боюнча жагдай, Кыргызстан менен БУУнун бул жааттагы кеңеши менен өз ара кызматташуусу талкууланды.

Пиллэй бүгүн ошондой эле өлкөнүн тышкы жана ички иштер министрлери, башкы прокурор, Жогорку Соттун мүчөлөрү, акыйкатчы жана укук коргоочулар менен да жолукканы жатат.

10-июлда Нэви Пиллэй Ош облусуна барып, 2010-жылы улуттар аралык кагылышуулар маалында өзгөчө жабыркаган аймактарда болуп, жергиликтүү эл, облустун губернатору жана Ош шаарынын мэри менен жолугушат.

БУУнун комиссары 10-июлда сапардын жыйынтыгы боюнча Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, андан соң Казакстанга жол тартмакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG