Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча стратегия даярдалат


Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча орто жана узак мөөнөттөгү стратегия иштеп чыкканы жатат. Аталган министрликтин билдиришинче, тоо-кен тармагын реформалоо иштери ушул жылдын башында башталган. Стратегияны түзүүгө ЮСАИД көмөк көрсөтүүдө.

Тоо-кенчилер ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеев Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайынын инвестициялык жагымдуулугунун рейтинги түшүп жатканын “Азаттыкка” билдирген болчу. Анын айтымында, өлкөдөгү реформанын туура эмес жүргүзүлүп жатканы жана бул тармакты түшүнбөгөн адистердин башкарып жатканы буга себеп болууда.

Маалыматка ылайык, соңку айларда коомдук тоо-кен иштетүүчү компаниялардын акцияларынын котировкасы түшүп кеткен. Мисалы, акыркы үч айдын ичинде “Центерранын” капитализациялануусу 30%, Чаткалдагы Чаарат кениники 50%, Баткендеги Манас Ресорсез 32% түшкөн. Натыйжада тоо-кен өнөр жайынын инвестициялары 100-150 млн. долларга азайган. (EBM)

XS
SM
MD
LG