Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Президент Мурси генералдарга: шах жана мат


Президент Мухаммад Мурси президенттик гвардиянын күзөтчүлөрүнүн кайтаруусунда. Каирдин Тахрир аянты, 29-июнь 2012
Президент Мухаммад Мурси президенттик гвардиянын күзөтчүлөрүнүн кайтаруусунда. Каирдин Тахрир аянты, 29-июнь 2012

Египеттин президенти Мухаммад Мурси исламчылар үстөмдүк кылган өлкөдө парламент кайра чогулуп, өз ишин улантсын деген жарлык чыгарды.

Жогорку аскердик кеңеш бир мандаттуу округдардан көпчүлүк депутаттар орой мыйзам бузуулар менен шайланганын айтып, бир ай мурда парламентти тараткан болчу.

Президент Мухаммад Мурсинин жарлыгы боюнча, азыркы парламент жаңы Конституция кабыл алынып, жаңы шайлоо өткөрүлгөнгө чейин иштөөгө тийиш.

Египет президентинин жардамчысы Ясер Али 8-июлда Каирдеги маалымат жыйынында мамлекет башчынын чечими тууралуу мындай деди:

- Жогорку аскердик кеңештин 2012-жылкы №350-чечимин карап көргөндөн кийин президент мындай деп чечти: биринчиден, парламентти 2012-жылдын 15-июндан тартып таркатуу жөнүндөгү 350-номурлуу токтом жараксыз; экинчиден, шайланган парламент жыйынга чогулуп, өз укугун Конституцияга 2011-жылдын 30-мартында киргизилген түзөтүүгө ылайык аткарсын; үчүнчүдөн, жаңы Конституцияны эл референдумда кабыл алган күндөн кийинки 60 күн арасында жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлсүн.

Жогорку Аскердик кеңештин төрагасы, фельдмаршал Мухаммед Хусейн Тантави. 2011
Жогорку Аскердик кеңештин төрагасы, фельдмаршал Мухаммед Хусейн Тантави. 2011
М. Мурси катарындагы “Мусулман агайындар” кыймылы парламенттеги көпчүлүк орундарга ээ. Мурси 16-17-июндагы кайра шайлоодо эл төңкөргөн президент Хосни Мубарак кездеги акыркы премьер-министр Ахмед Шафикти жеңип, бийликке келген.

АКШ мамкатчысынын орун басары Уильям Бернс жекшемби күнү президент Мурси менен Каирде кездешти жана журналисттер үчүн билдирүү жасады:

- Он миллиондогон египеттиктер президент Мурси түзчү кабинет улуттук биримдикти бекемдөө үчүн зарыл кадамдарды жасайт жана бардык египеттиктердин ишенимин камтыган, аялдардын жана коомдун дүниябий мүчөлөрүнүн укуктарын сыйлаган курма өкмөттү курат деп турушат.

"Франсс пресс" агенттиги америкалык расмий булактарга шилтеп, президент Обама сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы маалында Мухаммад Мурси менен кездешерин кабарлады.

Кээ бир серепчилер Мурсинин Жогорку аскерий кеңеш тараткан парламентти кайра чогултуусу, аны менен генералдарды араздаштырат деп кооптонушат.

Өткөн айда өткөөл өкмөттү жетектеген генералдар Египет парламентин Жогорку Конституциялык соттун чечимине таянып тараткан жана “конституциялык декларациянын” негизинде парламенттин фунцияларын өзүнө алган. Ошондой эле Мурсинин президенттик укуктарын бир кыйла чектеп койгон.

“Конституциялык декларациянын” негизинде генералдар жаңы Конституциянын долбоорун даярдоону көзөмөлдөшөт. Алардын ишине жарандык институттар кийлигише албайт.

Мухаммед Мурсинин Жогорку Конституциялык соттун жана аскерий бийликтен чечимин жокко чыгаруусу аны мыйзамды сыйлабайт деген айыптоолорго да жол ачты. “Өзүн сыйлаган жана демократиялуу өлкөдө эч бир президент соттун чечимин бузбайт”,- деп билдирди солчул “ат-Тагамму” партиясынын башчысы Рифаат ас-Саид.

Бейөкмөт “ал-Ватан” гезити баш макаласын “Мурси Жогорку аскердик кеңешке шах жана мат деди” деп атаса, “ал-Тахрир” гезити “Мурси Жогорку аскердик кеңешти эңшерди” деп жазды.

Ал эми фельдмаршал Хусейн Тантави башындагы Жогорку аскердик кеңеш президенттин жарлыгын талдоо үчүн кезексиз жыйынга чогулду.

XS
SM
MD
LG