Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Аба ырайы: сел коркунучу бар


Кыргызстанда 9-14-июль күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам тоо этегиндеги жана ойдуң жерлерде сел жүрүп, суу капташы мүмкүн.

10-июлда кээ бир тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус жылуу.

Бишкекте 10-июлда түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20... 22, күндүз 33... 35 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 8-июлда күндүз 22, ал эми 9-июлда эртең менен 21 градус болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG