Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Орусия Сирияга куралдын жаңы түрлөрүн жеткирбейт


Сирияда жаңжал басылмайынча Орусия эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Дамаскка курал жеткирбейт. Бул тууралуу Аскердик-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматтын директору Вячеслав Дзиркалн Лондондо туруп билдирди.

"Бир катар Батыш медиа каражаттары Сирия орустардан тик учактарды алууда дегени - чындыкка дал келбейт", деди Дзиркалн. Анын айтуусунда, 2010-жылдагы келишим боюнча оңдоодон өткөн 3 тик учак Сирияга жиберилген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москвада сириялык оппозициянын мүчөлөрү менен кезикти, андан соң журналисттерге мындай деди:

- Биз Женева коммюникесинде эмне деп жазылса, ошого макулбуз. Зордук-зомбулукту токтотуу, Сириядагы бардык тараптар өз келечегин өзү чечкен саясий жараянга кызыкдарбыз.

Улуттар Уюму менен Араб лигасынын Сириядагы чабарманы Кофи Аннан Дамаск шаарында президент Башар Асад менен жолукту. Reuters агенттиги Аннан жолугушууну “оң жакка жылыш” катары баалаганын билдирди. Сирияга эл аралык басым күчөгөн кезде Иран расмий Дамаскка өнөктөш бойдон калууда. Бүгүн Тегеранда Аннан Сириядагы абалды иран жетекчилиги менен талкуулайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG