Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

“Манас” университети окуу жайда түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берди


Кыргыз-түрк "Манас" университетинин жетекчилиги тараткан билдирүүгө караганда, окуу жайда сабактардын сааты өтө аз болгон, жашы улгайып же ден соолугуна байланыштуу толук кандуу кызмат аткара албай калган, эмгек тартибин такай одоно бузган мугалимдердин иш келишимдери токтотулган.

Кыскартууларга жана өзгөртүүлөргө дуушар болгон ондон ашуун окутуучу окутуу сапатын баалоо акыйкатсыздык менен жүрүп, эркин ой жүгүртүп, жетекчиликти сынга алган мугалимдер куугунтукка кабылганын билдиришкен.

Кыргыз-түрк “Манас” университети Кыргызстан менен Түркиянын келишимдерине ылайык, 1995-жылы ачылган. 4 миӊге жакын студент билим алган окуу жай өлкөдөгү паракорлук илдетине чалдыкпаган эң барандуу окуу жайлардын бири деп саналат.

XS
SM
MD
LG