Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Аялдар абагына тигүү жабдуулары берилет


№2 аялдар түрмөсүнө 18-июлда тигүү жабдуулары берилет. Материалдык жардам Европа Биримдигинин жана Бириккен улуттар уюмунун маңзатка жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын долбоорунун негизинде ишке ашууда.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, аталган абакта тигүү цехи бар, бирок жазасын өтөп жаткан аялдар жеке цехтерде жалданма кызматкер катары гана иштечү. Эми мындан ары тигүү машиналарын жаза аткаруу кызматы өзү орнотуп берет. "Ошону менен аялдарга шарт түзүлүп, алар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк пайда табышмакчы" деп маалымдашты "Азаттыкка" аталган кызматтын басма сөз борборунан.

Цехте негизинен аялдардын жана эркектердин кийимдери, аскер формалары жана шейшептер тигилет. (EBM)

XS
SM
MD
LG