Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Жогорку Соттун судьяларын тандоо башталды


Бүгүн Бишкекте Жогорку Соттун судьяларын тандоонун биринчи туру башталды.
Сотторду тандоо кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев сынактын биринчи турунда талапкерлердин документтери караларын, экинчисинде аңгемелешүү болорун, үчүнчү турга өткөн талапкерлер добуш берүү менен тандаларын “Азаттыкка” билдирген.

Сынакка жалпысынан 83 адам катышууда. Беш талапкер буга чейин катышуудан өз эрки менен баш тарткан, дагы төртөөнү Сотторду тандоо кеңеши жараткан эмес.

Кыргызстанда сот реформасы мурунку президент Роза Отунбаеванын тушунда башталган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG