Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Укук коргоочулар: Аскаровго байланышкан иш кайрадан тергелиши керек


“Жарандар коррупцияга каршы” уюму 2010-жылдагы коогалаңда адам өлтүрүүгө катышкан деп өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан кароону өтүнүп жатат. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлдөрү бүгүн тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, “Жарандар коррупцияга каршы” уюму ушул жылдын май айында Аскаровго байланышкан иште жаңы жагдайлар чыкканына байланыштуу кайра кароону суранып, Жалал-Абад облустук прокуратурасына кайрылган. Анда укук коргоочулар Аскаровдун кылмышка тиешеси жоктугун далилдеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тиркеген.

15-июнда Жалал-Абад облустук прокуратурасы укук коргоо уюму берген далилдер ишти кайрадан кароого жетишсиз экенин билдирген. Мындай чечимге макул болбогон “Жарандар коррупцияга каршы” уюму Башкы прокуратурага кайрылып, облустук прокуратуранын бул чечимин четке кагууну суранууда.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улуттарындагы жарандардын ортосундагы кандуу жаңжал учурунда Базар-Коргон районунда милициянын кызматкерин элдин алдында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси бар, мамлекеттик бийликке баш ийбөөгө, башаламандыкка чакырган деген айыптар боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Учурда ал Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.

Аскаров өзү да, анын адвокаттары да сот өкүмүн адилетсиз деп эсептешет. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллэй Жогорку Соттун 20-декабрдагы чечимине өкүнүчүн билдирген.

Июнь коогасында 400дөн ашуун адам набыт болгон. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG