Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Израилдин экс-премьери пара алды деп айыпталды


Иерусалимдин соту Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Олмерт "жемсөөлүк кылган" деп тапты. Эми 66 жаштагы Олмерт беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок сотто Олмерт америкалык жөөт бизнесменден пара алган жана чет өлкөгө акча топтоо үчүн барганда Израилдин соопкерчилик уюмдары анын чыгашасын жапкан деп айыптоолор ырасталган жок.

Сот бирок Олмертти Иерусалимдин мэри, андан кийин соода жана өнөр жай министри болуп турганда, пара алган деп тапты. Экс-премьер башка бир сотто Иерусалимдеги талаштуу курулуштарга пара алып уруксат берген деп күнөөлөнүүдө. Ал премьерликтен 2008-жылы кеткен.

XS
SM
MD
LG