Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Иран Сириядагы кризисти жөндөөгө жардамдашам дейт


Иран Сириядагы кризисти жөндөөгө “оң салым кошо алат” жана Тегеран Сириядагы чатакты тынч жол менен басууга өз жардамын сунуш кылды. Бул жөнүндө эл аралык чабарман Кофи Аннан Тегеранда ирандык тышкы иштер министри Али Акбар Салихи менен сүйлөшкөндөн кийин билдирди.

Аннан Тегеранга дүйшөмбү күнү Дамаскта президент Башар Асад менен кездешкенден соң келген.

Аннан бирок куралдуу калабаны токтотуу үчүн Иран кандай жардам сунуш кылганын ачыкка чыгарган жок. Иран жана Орусия Асаддын режиминин негизги эл аралык союздаштары саналат.

Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен араздашып жаткан АКШ менен Европа Биримдиги 16 айдан берки Сириядагы чатакты басууга Ирандын катышканына каршы.

XS
SM
MD
LG