Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Жогорку Соттун судьялыгына 14 талапкер 1-турдан өтүштү


Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялык кызматка жарыяланган сынактын 1-турунан 14 талапкерди өткөрдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган кеңештин мүчөсү Айжамал Ажыибраимова билдирди.

Маалыматка ылайык, Сотторду тандоо кеңеши бүгүн 16 талапкердин документтерин карап чыкты.

Алгачкы тандоо жыйынтыгында талапкерлердин бири Алтын Бектурова өз арызын чакыртып алса, Бишкек райондор аралык сотунун мурдагы судьясы Элмира Байтикованын документтери талаш туудуруп, натыйжада кийин каралмай болду.

1-турдан өткөн 14 талапкер дагы эки түрлүу тандоодон өтөт. Анда талапкерлер укуктук темада дил баян жазышып, аңгемелешүүдөн өтүшөт.

Сотторду тандоо кеңеши 21-майдан тарта Жогорку Сотко судьяларды тандоо жараянын баштаган. 35 судьялык орун үчүн 82 талапкер ат салышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG