Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Пиллэй: Кыргызстандын умтулуусу күч, бирок жасай турган иштери арбын


Эки күндөн бери иш сапары менен жүргөн БУУнун жогорку комиссары Нэви Пиллэй жыйынтыктоочу маалымат жыйынында адам укугун коргоо жаатындагы Кыргызстандын умтулуусу күч болгонун, бирок жасай турган иштери арбын экенин айтты.

Пиллэйдин баамында, Кыргызстандагы алга жылууларды мыйзамдарды реформалоо, кыйноолорго каршы туруу жаатында бөлүп көрсөтсө болот. Ал акыркы жылдары милициядагы кыйноо фактылары боюнча иликтенип, 38 кызматкерге кылмыш иши козголгонун, 47 адамдын кылмышка тиешеси бар деген шек менен кызматтан бошотулганын бул жылыштардын мисалы катары атады.

Ошол эле учурда жогорку комиссар этностук, гендердик жана диний өзгөчөлүккө карата кодулоолор арбын байкалып жатканына өзгөчө басым жасап, этникалык азчылыктын өкүлдөрүнүн сот, тартип коргоо жаатында жооптуу кызматтарды ээлебегине кабатырлануусун билдирди.

- Улутуна, жынысына жана динине карап бөлүү олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, этникалык жана улуттук азчылыктар аткаруу бийлигинде, башка өкмөттүк мекемелерде, тартип коргоо жана сот системасында аз. Улутуна карап бөлүү айрыкча 50 пайызы өзбек улутундагылар жашаган Ош шаарында ачык көрүнөт. Анда сот мекемесинде бир да өзбек улутундагы адам жок. Ушундай эле тең салмактын жоктугу борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарында да байкалат. Бул айрыкча 2010-жылдагы кайгылуу окуяларда даана көрүндү. Бул окуяда набыт болгондордун 70 пайызы, ал эми кийин камалгандардын 77 пайызы өзбек улутундагылар болду.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллэй 8-июлда Кыргызстанга келген. Ал сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы жана ички иштер министрлери, башкы прокурор, Жогорку Соттун мүчөлөрү, акыйкатчы жана укук коргоочулар менен жолукту. Муну менен катар Ош облусуна барып, 2010-жылы улуттар аралык кагылышуулар маалында өзгөчө жабыркаган аймактарда болуп, жергиликтүү эл, облус жана шаар жетекчилиги менен жолукту.

Жогорку комиссар Кыргызстандан соң Казакстанга жол тартты. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG