Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Нэви Пиллэй Кыргызстандагы этностук дискриминацияга көңүл бурду


БУУнун Aдам укуктары боюнча жогорку комиссары коррупцияны Кыргызстандагы эң чоң көйгөй деп эсептейт. Нэви Пиллэй бүгүн Бишкектеги сапары маалындагы пресс-конференцияда Кыргызстан жетекчилиги өлкөдөгү кылмыштар жана мыйзам бузуулар, ошондой эле өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн жооптуу экенин айтты. Пиллэй айымдын сөзүнчө, этностук, диний, жыныстык негизде кемсинтүү чоң проблема бойдон калууда. Ал калкынын теңи өзбектер болгон Ош шаарындагы дискриминациянын бир далили - калаада бир дагы сот өзбек жок деп, эки жыл мурдагы кандуу булоондо өлтүрүлгөндөрдүн 75% жана камалгандардын төрттөн үчү өзбектер экенин айтты.

XS
SM
MD
LG