Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

“Гринпис” Кыргызстандын аракетин кубаттады


"Орусия алтын казуу үчүн табиятын талкалап жатат, ал эми Кыргызстан табиятын коруп, корук-жайларды алтын казуучулардан кайтарып алды". Мындай билдирүү эл аралык "Гринпис" экологиялык уюмунун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн сайтында жазылган.

Анда жазылган маалыматка ылайык, 6-июлда ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин жыйыны аяктаган. Анда Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Орусиядагы беш кендин маселеси талкууланды.

Жыйында Орусиянын Комидеги токойлорунун тагдыры талкууга алынып, катышуучулар Орусиянын буга байланыштуу кадамдарын сынга алышты.

Дал ушундай кырдаалда "Гринпистин" өкүлдөрү Kumtor Operating Company компаниясынын карамагына берилген корукту кайра алган өкмөттүн токтомун кубатташты.

"Кыргызстанды өкмөтү жаратылыш жөнүндө ойлонуп, эл менен эсептешерин көрсөттү. Менин оюмча, бул кенди иштетүү Кыргызстандын казынасы үчүн Орусиянын Чудное аттуу кичине кенди иштетүүгө караганда абдан эле маанилүү болсо керек", деп билдирген “Гринпистин” өкүлү Михаил Крейндлин.

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Анда өкмөткө 10-июлга чейин мамлекеттик комиссия түзүп, 1-октябрга чейин Кумтөрдөгү экологиялык, өндүрүштүк, социалдык зыяндардын өлчөмүн иликтеши тапшырылган эле.

Ошондой эле өкмөт “Кумтөр Голд Компаниге" 16 миң 300 гектар жер бөлүп берүү тууралуу токтомду жокко чыгарган эле. (BkA/AI)

XS
SM
MD
LG