Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Иран Кыргызстан экономикасына 10 миллиард доллар салууга даяр


Бул тууралуу Бишкекте Ирандын өнөр жай жана соода министри Махди Газанфари Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, расмий Тегеран Кыргызстандагы кыска мөөнөттөгү долбоорлор үчүн 1 миллиард, ал эми узак мөөнөттөгү долбоорлор үчүн 10 миллиард доллар берүүгө даяр. Ошондой эле Бишкек-Тегеран аба каттамын кайра жандандырууга кызыкдар.

Каржы министрлигинен кабарлашкандай, Жапаров ошондой эле Ирандын жол жана шаар куруу боюнча министри, экономика жана каржы министри менен да жолукту. Анда Кыргызстандагы кичи конуштарда, чакан шаарларда жана айылдарда жол, көп кабаттуу үйлөрдү куруу, ипотекалык насыя жана банк системасын өнүктүрүү боюнча сөз болуп, бул жаатта кызматташууга чакырды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG