Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Жалал-Абад облусунда 28 мектеп кайра курууга муктаж


Облустук усулдук борбордун деректири Акылбек Токтосуновдун билдиришинче, бул мектеп имараттар өткөн кылымдын 30-40-жылдары курулган. Андан бери жыл сайын кайра жасалган утурумдук оңдоолор жакшы натыйжа бербей, учурда кыйроо абалында турат жана кайра курууга каражат бөлүнбөй жатат.

Токтосунов ремонт үчүн делген 22 миллион 971 миң сом кеч берилгенине карабай, аймактагы 471 мектептин 80 пайызы утурумдук оңдолуп бүткөнүн билдирди. (EBM/YA)

XS
SM
MD
LG