Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Аба ырайы: сел коркунучу сакталууда


Кыргызстанда 11-14-июль күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам тоо этектеген жана ойдуң жерлерде сел жүрүшү мүмкүн.

12-июлда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу.

Бишкекте 12-июлда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15... 17, күндүз 26... 28 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 10-июлда күндүз 23, ал эми 11-июлда эртең менен 21 градус болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG