Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Сребреницада кызыл кыргындын курмандыктары эскерилди


Бүгүн миңдеген босниялыктар Сребреницага 17 жыл мурдагы кызыл кыргындын курмандыктарын эскерүүгө чогулду. 1995-жылы Сребреницада босниялык серб аскерлери 8 миңдей босниялык мусулман эркекти жана баланы өлтүргөн. Бүгүн массалык көрүстөндөн табылган 520 адамдын сөөгү кайра көмүлдү. Сөөк кимге таандык экени алардын ДНКсы боюнча аныкталды. Мемориалдык мазарда азыр кандуу булоондо өлтүрүлгөн 5 миңден ашуун адамдын сөөгү жатат. АКШ президенти Барак Обама атайын билдирүүсүндө Сребреница кыргыны “20 кылымдын эң жаман окуяларына окшош” деп, АКШ “бул мыкаачылыктын масштабын, анын жүйөсүн актоо жана геноцид болгонун тануу аракетин колдобосун” айтты.

XS
SM
MD
LG