Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Аятолла Хаменейи Батыштын санкциясын тоготпойбуз деди


Ирандын руханий көсөмү Али Хаменейи өлкөдө Батыштын санкциясын тоготтурбас “иммунитети” бар деди. Тегерандын талаштуу ядролук программасына байланыштуу Евробиримдик 1-июлдан тарта Ирандан чийки мунай сатып алууга эмбарго жарыялаган. Андан мурда АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Иранга финансылык чектөөлөрдү киргизген. Аятолла Хаменейинин билдиришинче, Батыш өлкөлөрү Иранга каршы акыркы 30 жылда колдонгон катаал чаралар менен түрдүү кутумдар өлкөнү 30 жыл мурдагыдан 100 процент кубаттуу кылган. Иран санкциянын мизин мокотуу боюнча чара көрүп келет. Бирок экономисттер санкция өлкөдөгү жумушсуздук жана инфляция менен кошулуп, Иран жетекчилигине жаңы проблемаларды жаратат дешет.

XS
SM
MD
LG