Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Сирия оппозициясы Орусияны Сирия саясатын өзгөртүүгө чакырды


Сүргүндөгү негизги оппозициялык кыймыл - Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Абдел Басат Сайда Орусиядан президент Башар Асаддын режимин колдоону токтотууга үндөдү. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен бүгүн болгон Москвадагы кездешүүдө Сирия революциянын толгоосунда болгондуктан бийликти саясий жол менен өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк жок экенин айтты жана Сириядагы кырдаалды 1991-жылкы СССРдеги абалга салыштырып, маселе оппозиция менен өкмөт ортосундагы келишпестикте эмес деди. Лавров Сирия оппозициясын Москва колдоого даяр экенин көрсөткөн эч сөз айткан жок. Сирия улуттук кеңеши Түркияда жайгашкан. Аны Батыш жана Араб мамлекеттери колдойт.

XS
SM
MD
LG