Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Испания бюджетти үнөмдөөгө өтөт


Испаниянын премьер-министри Марина Рахой бюджетти үнөмдүү пайдаланууга багытталган жаңы иш-чаралардын планын жарыялады. Ага ылайык, кошумча нарк салыгы 18 проценттин ордуна 21 процент болот; өкмөттүк кызматкерлерге жаңы жылга бонус берилбейт; жумушсуздарга төлөнчү жөлөк пул азайтылып, салыктын жеңилдетилген түрлөрү кыскартылат.

Бул чаралар келерки эки-үч жылда 65 миллиард евро үнөмдөөгө тийиш.
Мындай чара Испанияга 100 миллион евро кредит берген Евромейкиндиктин талабына ылайык кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG