Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Кыргызстан Орусиянын аскер объекттеринин акысын карап чыгат


Бул тууралуу “Азаттыкка” коргоо министри Таалайбек Өмүралиев билдирди. Министрдин айтымында, мындай муктаждык учурдагы баалардын өсүп жатканынан чыкты:

- Учурда баалар өзгөрүп жатат. Айрым нерселер кымбаттап, айрымдар болсо баасын жоготуп жатат. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы келишимге кол коюлганына бир топ жыл болду. Андан бери көп нерсе өзгөрдү, мындан улам биз муну кайрадан карап чыгалы деп жатабыз. Анда ижара акы көтөрүлүшү же төмөндөшү бул башка маселе.

Мындан мурда орусиялык маалымат агенттиктери коргоо министрине шилтеме жасап, Орусиянын Кыргызстандын аймагында жайгашкан үч аскер объекти үчүн ижара акы жогорулатуу талабы менен чыгарын жазып чыгышкан. Анда кошумча акы талап кылына турган объекттер Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы радиосейсмикалык лаборатория экени айтылган.

Өмүралиев орусиялык агенттиктер жазгандай ижара акыны көтөрүү тууралуу сөз кылуу азырынча эрте экенин белгилеп, маселе орус тарап менен талкууланарын билдирди.

Негизинен Кыргызстан аймагында Орусиянын 4 аскерий жайы жайгашкан. Булар: Канттагы аскер-аба базасы, Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы радиосейсмикалык лаборатория.

Булардын ичинен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун макулдашуусуна ылайык, Кыргызстан Канттагы аскер-аба базасы үчүн акы албайт.

Орусия Канттагы базадан башкаларына курал-жарак, аскерий техникалар менен ижара акысын төлөп келген. Ушул акылар да акыркы төрт жылда төлөнбөй калган. Орусиядан өлкөдөгү аскерий объекттери үчүн акча төлөөнү талап кыларын президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын аягында айтып чыккан. Андан соң президент бул маселени Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуусунда көтөрүп, Кыргызстанга 15 миллион долларга жакын каражат төлөнгөн эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG