Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Түркияда жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны мерт кетти


10-июлда Түркиянын Эрзурум-Артвин унаа жолунда туристтер бараткан автобус кырсыкка учурап, 5 адам мерт кетти. Каза болгондордун бири Ахмет Велиев аттуу Кыргызстан жараны экени белгилүү болду. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын Түркиядагы элчилигин өкүлү Айбек Акаев тастыктады. Акаевдин мааалыматында, каза болгон 74 жаштагы Ахмет Велиев акыркы жылдары Бурса шаарында жашап жүргөн.

Муну менен катар дагы бир кыргызстандык жараат алып, ооруканада.

Ичинде 50гө жакын турист отурган автобус Түркиянын түндүк-чыгышындагы Ардахан шаарынан Бурсага келе жатканда кырсыкка учураган. Кырсыктан 44 адам жараат алып, 5 адам мерт кетти. Каза болгондордун үчөөнүн гана тек жайы аныкталганы кабарланууда.

Бул чет жерде Кыргызстан жараны набыт болгон биринчи кырсык эмес. Буга чейин Казакстандын Караганда облусунда кыргызстандыктар бараткан кичи автобус кырсыкка кабылып, анда 16 адам мерт кеткен эле. Андан соң Орусияда автокырсыктан 6 киши набыт болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG