Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Ошто ынтымакты бекемдөө үчүн спектакл коюлат


Ошто 12-июлдан баштап эки күн түрдүү улуттагы жаштар арасында ынтымакты чыңдоо максатында спектаклдер коюлат. ЕККУнун Бишкектеги борбору жана Жапон элчилигинин көмөгү менен Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында жана Бабур өзбек театрында эки улутту биримдикке чакырган “Аң сезим жана талап” жана “Бир көчөнүн жаштары” аттуу спектаклдер Оштун тургундарына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Спектаклдерге бирдей сандагы кыргыз жана өзбек актерлору тартылып, эки тилде коюлмакчы.

Буга чейин аталган уюмдар эки улутту жараштыруу максатында окуучулар арасында ынтымакты чыңдоо боюнча долбоор ишке ашырган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG