Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштери текшерилүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштеринин сапатын текшере баштады. Аталган министрликтин билдиришинче, бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Буга чейин кооптуу деген аймактарда 435 объект куруу сунушталган, анын 39 гана бүткөнү аныкталды.

Комиссия кечээ Чүйдө болду, бүгүн Таласты кыдырмакчы.

Кыргызстанда быйыл жаратылыш кырсыктары көбөйдү. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл жыл башынан бери сел каптоо 4, кар көчкү 6,5 эсеге арбын болду. Жаратылыш кырсыктарына байланыштуу чыгымдар 3,5 эсе арбыды. Кыш катаал болуп 27 миңдей малды жут алды. Ошол эле убакта өрт, жер силкинүү, жаратылыш кырсыктарында адам өлүмү азайды.

Жаратылыш кырсыктарынан айрыкча Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары көп жапа чегип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG