Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт


Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев 11-июлда Бишкекте Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы өкүлү Александр Аванесов менен жолукту. Министрликтен маалымдашкандай, анда негизинен туруктуу өнүгүүнүн узак мөөнөттөгү стратегиясын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Аванесов Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу жана табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча 20 долбоор даярдалып жатканын билдирди. Ош менен Нарында кеңселери ачылганын кабарлады. Сариев кезегинде башында президент турган туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңеш түзүүгө кол кабыш кылууну сунуштады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG