Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Олимпиада: армиядан 3 миңден ашуун жоокер бөлүнөт


Лондон олимпиадасында коопсуздукту камсыздоого армия кошумча 3 жарым миңдей аскерин бөлүп берет. Коопсуздук үчүн жооп берген G4S менчик компаниясы жетиштүү санда машыккан кызматкерлерди даярдоого үлгүрбөйт деген кооптонуулар соңку кезде көп айтылып келген. Куралдуу күчтөр 13 жарым миң жоокер коопсуздукту камсыздоого тартыларын буга чейин билдирген. Андан тышкары Олимпиада күндөрү тартипке жана коопсуздукка миңдеген полициячы, согуштук учактар, тик учактар, аскердик 2 кеме жана жардыргыч заттарды аныктаган адистер көз салып турмакчы.

XS
SM
MD
LG