Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Аннан: Иран жана Ирак Сириядагы бийликти өткөрүү планын колдошту


БУУнун атайын чабарманы Кофи Аннан Иран жана Ирак Сириядагы саясий бийликти өткөрүү планын колдошконун билдирди. Аймактагы сапары тууралуу суроолорго жооп берип жатып, ал Батыштын каршылыгына карабай региондогу ири оюнчу Иран Сириядагы кризисти жөнгө салуу аракеттерине тартылууга тийиш деди. Ал эми Ак үй Сириядагы кризисти чечүүдө Тегерандын ролу жемиш алып келген жок деп, Вашингтон бул жаатта конструктивдүү өлкөлөр менен кызматташат деп билдирди. Ак үйдүн маалымат катчысы Жэй Карней Иран конструктивдүү роль ойной алат деген ойдон алыспыз деди.

Ал ортодо Сириянын Ирактагы элчиси Башар Асаддын козголоңду күч менен басканына нааразылык иретинде каршы тарапка өттү. Бул тууралуу Сирия оппозициясынын булактары ырастоодо. Эгерде маалымат тастыкталса, Наваф ал-Фарес өкмөткө оппозициялык турумду ээлеген биринчи элчи болуп калмакчы. Ирак өкмөтүнүн өкүлдөрү болсо бул тууралуу кабардар эместигин билдиришти. Өткөн жумада Сириянын Улуттук гвардиясынын жогорку генералы Манаф Тласс мекенине качканы жөнүндө маалымат тараган.

XS
SM
MD
LG