Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 3 жумушчу топ түзөт


Бул тууралуу экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев бүгүн Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, жумушчу топтор кендеги экологиялык, техникалык зыяндарды, мыйзамдуулуктун сакталышын, ошондой эле экономикалык-социалдык багытты иликтемекчи.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчетунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү менен алтын кенди иштетип жаткан “Центерра Голд Инк” компаниясынын 2003-жылдагы келишими өлкө кызыкчылыгына каршы келет деп табылды.

Мамлекеттик комиссияга ушул жылдын 1-октябрына чейин эл аралык эксперттер менен бирге кенди иштетүүдөгү зыяндарды аныктап-баалоо, бир катар келишимдерди кайра карап чыгуу тапшырылган.

Документке ылайык, Башкы прокуратура да Кумтөр боюнча түзүлгөн бардык келишимдерди жана башка документтерди иликтейт.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 6-июлда Кумтөрдө болуп, кенди иштеткен "Центерра Голд Инк" компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимдин шарттарын карап чыгуу керектигин билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG