Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Жумабаев: атаандаш муфтият каттоодон өткөн эмес


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев атаандаш муфтият түзүлүп, каттоодон өттү деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, дагы бир муфтият түзүү тууралуу кайрылуу түшкөн, бирок комиссия борбордук башкаруу бузулбашы керектигин жүйө кармаган.

Мусулмандардын кошумча дин башкармалыгын түзүү боюнча демилгелүү топтун өкүлү Жыпарбек ажы Тойчубеков дагы бир муфтият түзүлүп, Диш иштери боюнча комиссиядан катоодон өткөнүн, муфтийдин милдетин аткаруучу болуп Рустам ажы Жумагулов дайындалганын “Азаттыкка” билдирген. Учурда алар Бишкекте муфтияттын алдында боз үй тиккени жатышат. Эртең менен шаар бийлиги үй тигүүгө уруксат берген эмес.

Рустам ажы Жумагулов 2010-жылы үч ай муфтий болуп иштеген. Азыркы муфтий Чубак ажы Жалиловго каршы топтор чыгып, анын кызматта отурушу толук мыйзамдуу эмес экенин айтып, кетишин талап кылышууда. Ажы Жалилов дооматтарды четке кагып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG