Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Карзай талиптердин лидерин шайлоого катышууга чакырды


Ооган президенти Хамид Карзай талиптердин ана башы Молдо Оморду жалпы элдик шайлоого катышууга үндөдү. “Молдо Омар Ооганстанга келип, каалаган жерине бара алат. Ал саясий кеңсесин ача алат. Бирок куралын ташташы керек”, - деп билдирди Карзай Кабулда журналисттер менен кездешип.

Омар башындагы талиптердин өкмөтү 2001-жылы АКШ аскерлери өлкөгө басып киргенде кулатылган. Анын башына Кошмо Штаттар 10 миллион доллар сайган. Омар жана талиптердин башка жетекчилери буга чейин куралдарын таштап, улуттук коопсуздук күчтөрүнө кошулуу жөнүндөгү Ооган өкмөтүнүн сунушун эчен жолу четке каккан.

XS
SM
MD
LG