Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Мухаммад Мурси Конституциялык соттун чечимин сыйлайт


Египеттин жаңы президенти Мухаммад Мурси Конституциялык соттун парламентти тараткан чечимин урматтарын билдирди. Мурси кат жүзүндө жасаган билдирүүсүндө парламенттин тегерегиндеги талашты жөндөө үчүн саясий күчтөр жана сот бийликтери менен сүйлөшүүгө барарын, ар кандай чатакты алдын алуу үчүн мыйзамды сактай турганын маалымдады.

Конституциялык сот бир ай илгери шайлоо учурунда орой мыйзам бузууларга шилтеп, парламентти тараткан болчу. Соттун чечимин Мубарак президенттиктен түшкөндөн бери өлкөнү башкарып жаткан Жогорку аскерий кеңеш колдогон жана парламент функциясын өзүнө алган.

Жекшемби күнү Мурси жаңы Конституция кабыл алынганча, парламент өз милдетин аткарсын деген жарлык чыгарган.

Мурси бүгүн биринчи чет элдик сапарына чыгып, Саудияга барды.

XS
SM
MD
LG