Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Грузияда добушка алмашчу сателлиттик табактар кармалды


Грузияда элге арзан баада сатылат деп мерчемделип жаткан миңдеген импорттук сателлиттик табактар кармалды. Табактар оппозициячыл “Маэстро” телестанциясы “Грузия тилеги” коалициясынын лидери Бидзина Иванашвилиге таандык фирмалар аркылуу сатып алынганы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Быйыл июлда Тбилиси шаар соту Иванашвилини шайлоо эрежесин бузду деп, аны акчалай жазага тарткан.

Соттун билдиришинче, келерки жылы президенттик шайлоого катышууга бел байлаган Бидзина Иванашвили табактарды элге арзан баада сатып, алардын добушун сатып алууга аракет кылган.

“Маэстро” телестанциянын жетекчилиги соттун айыптоосун куру доомат деп, четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG