Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

"Кыйкырык" картинасын сатып алган адам аныкталды


Эдвард Мунктун “Кыйкырык” деген атактуу полотносуна май айында өткөн аукциондо АКШлык миллиардер Леон Блэк 119, 9 миллион доллар төлөгөн. The Wall Street Journal гезити бул жөнүндө Леон Блэкке жакын бир нече адамдын сөзүнө таянып маалымдады. 60 жаштагы Блэк ньюйорктук инвестор.

Эдвард Мунк 1895-жылы май бойок менен тарткан “Кыйкырык” картинасы - сүрөт өнөрүндөгү жаңы экзистенциализм багытынын символу саналат. Бул эмгектин төрт версиясы бар. Анын үчөө Мунктун мекени Норвегиянын музейлеринде сакталууда.

XS
SM
MD
LG