Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Азимжан Аскаровдун адвокаты БУУга кайрылат


Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Женевадагы БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Токтакуновдун айтымында, Аскаровго чыгарылган сот чечимин жокко чыгаруу үчүн Кыргызстандагы бардык баскычтагы сотторуна кайрылган. Токтакунов маселе оңунан чечилбеген соң эл аралык уюмга кайрылууга мажбур болгонун билдирди:

- Мен бардык укуктардан пайдаланып, бардык бачкычтагы сотторго кайрылдым. Эми БУУ адам укуктары боюнча комитетине кайрылам. Арыз азыр даярдалып бүттү, бир аптанын ичинде Женевага жиберилет. Кайрылууга жооп бир жылдын ичинде болушу мүмкүн. Бирок ишти кароо бир топ жылга созулушу мүмкүн.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улуттарындагы жарандардын ортосундагы кандуу жаңжал учурунда Базар-Коргон районунда милициянын кызматкерин элдин алдында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси бар, мамлекеттик бийликке баш ийбөөгө, башаламандыкка чакырган деген айыптар боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал азыр Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Ушул аптада Кыргызстанга сапар менен келген БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Нэви Пиллэй Аскаровго байланышкан ишке камтамачылыгын билдирип, бийликтерден аны адилет териштирүүгө чакырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG